Эксперт азык-түлүк бааларынын өсүшүн запастардын азайышына байланыштырды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТараза. Архив
Тараза. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда сүт жана эт сыяктуу азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн, ошондой эле жашылчалар менен ун азыктарынын баасы көтөрүлгөнү байкалууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Азык-түлүк бааларынын өсүшү аларга карата суроо-талаптарга жараша болот. Ошондуктан алардын азыр кымбатташы мыйзам ченемдүү көрүнүш, себеби өткөн жылдагы түшүмдүн запастары азыр түгөнүп бара жатат деп билдирди Sputnik кабарчысына экономика боюнча эксперт Кеңешбек Алимбеков.

Кыргызстанда сүт жана эт сыяктуу азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн, ошондой эле жашылчалар менен ун азыктарынын баасы көтөрүлгөнү байкалууда.

Алимбековдун айтымында, баалардын көтөрүлүшү запастар менен түздөн-түз байланышкан. 

"Бул жыл мезгилине мүнөздүү көрүнүш. Азыр өткөн жылда өнүдүрүлгөн продукция дээрлик сатылып бүтүп, бирок жаңы түшүм алына элек. Ал эми суроо-талап улантылууда. Сатып алып өндүрүү кымбатташы, катардагы керектөөчү үчүн баага да таасирин тийгизип жатат", — деп эсептейт эксперт.

Азыркы учурда республикада акыркы кездерде бир топ бекемдеген сом менен рублга суроо-талап бар экендигин кошумчалады ал. 

"Сомго болгон суроо-талаптын өсүшүнөн доллар акырындап түшүп келе жатат. Анын баасы мындан ары да төмөндөп, 55 сомго жетиши толук мүмкүн", — дейт Алимбеков.

Суроо-талаптын жогорулугунан жана атаандаштыктын аздыгынан азык-түлүк сатуучулар бааны төмөндөтпөйт деген ишеничте эксперт.

"Алардын түшүнүгүндө көтөрүлгөн бааны кайра түшүрүү мүмкүн эмес, себеби азык-түлүк баары бир сатылып жатат да. Кереги эмне? Ал өзүнө чыгым келтирип иштемек беле. Мындай саясат болсо кардарларга таасирин тийгизип жатат", — деп белгиледи экономист.

Жалпы абал тууралуу айтып жатып, рынокту каржылык жөнгө салып туруучу Улуттук банк үчүн азыр америкалык валюта кескин түшүп, улуттук акчанын бекемдеши пайдасыз экенин белгиледи Алимбеков.

Кайсы жакка болбосун, кескин өзгөрүүлөр өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Ошондуктан Улуттук банк мезгил-мезгили менен интервенция жүргүзүп турат деп жыйынтыктады эксперт.

Жаңылыктар түрмөгү
0