Сариев Каржы министрлигин жолдорду оңдоого 1 млрд. сом табууга милдеттендирди

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүУкладка асфальта. Архивное фото
Укладка асфальта. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын балансында турган облустун жана райондордун борборундагы автожолдор мышык ыйлагыдай абалда деп айтты Сариев.

Сариев: жолдорду куруп-оңдоого каражат табылат
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлигине өлкө аймагындагы жолдорду оңдоого жана курууга кошумча 1 млрд. сом табууга тапшырма бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчысы бул туурасында дүйшөмбү күнү Каржы министри Адылбек Касымалиев, транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев менен жолукканда тапшырма берди. 

Ал учурда жолдордун абалы көйгөйлүү болуп тургандыгын билдирди. 

"Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан республикада жолдордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди", — деди Сариев.

Ал Каржы министрлигин жолдорду оңдоого 1 млрд. сом табууга милдеттендирип, каражатты натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын айтты.

Республиканын балансында турган облустун жана райондордун борборундагы автожолдор мышык ыйлагыдай абалда деп айтты Сариев.

"Бишкектеги жолдор жыл сайын оңдолгону менен, алар тез эле иштеп чыгып калып жатат", — деди премьер-министр.

Ал автотрассалардын сапаттуу оңдолушуна жана реконструкцияланышына өзгөчө көңүл буруп, Малабаевге оңдоо зарыл болгон райондук жана облустук борборлордун жолдорунун тизмесин тактоону тапшырды.


Жаңылыктар түрмөгү
0