Ош шаарынын мэри кытайлык инвестролорго колдоо көрсөтүүгө убада берди

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдан келген делегациясы менен
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдан келген делегациясы менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарына Кыргыз-Кытай кызматташуусун активдештирүү максатында Гуандун провинциясынын инвесторлору менен ишкерлеринен турган делегация келди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кытайдан келген делегация менен жолуккан Ош шаарынын мэри шаарга инвестиция салгысы келген кытайлык инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө убада кылды.

Бейтапкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарына жаңы оорукана жана бейтапкана куруу пландалууда
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдан келген делегациянын башчысы Лань Фан баш болгон Гуандун провинциясынын инвесторлору, ишкерлери, аталган өлкөнүн Ош шаарындагы башкы консулу Инцинь менен жолукту. 

Тараптар эки өлкө аралык кызматташтык маселелерин талкуулашып, эки шаарда улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, экономика, инвестиция тууралуу пикир алмашты.

Мэр Кадырбаев Ош эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал кытай тараптын шаардын экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жаткандыгын айтты.

"Кытай ишкерлери менен биргеликте бир нече завод, ишканалар ачылып, шаарыбыздын экономикасын көтөрүп, калаа тургундарын жумуш орундары менен камсыз кылууда. Мындан ары да Ош шаардык мэриясы кытайлык инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт", — деди Кадырбаев.

Делегациясынын башчысы Лань Фан учурда кытайлык ишкерлер Ош шаары менен экономикалык, маданий, социалдык тармактар боюнча инвестиция салып, кызматташууга даяр экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0