Сариев: КРдин экономикалык көрсөткүчтөрү ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүкүнөн өйдө

© Sputnik / Михаил РогожинПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдиктин 8-майдагы биринчи саммитинде Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча акыркы документке кол коюлган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда инфляция эки пайызга, Ички дүң продукциясынын деңгээли 7 пайызга өскөнүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч Евразиялык экономикалык биримдике мүчө башка мамлекеттерге караганда жакшы. Мисалы, Россия менен Казакстанда ИДПнын деңгээли жыл башынан бери 2,2 пайызга, Белоруссияда 2 пайызга чейин түшкөн. Инфляциянын деңгээли бардык мамлекеттерде болжонгондон жогору.

"Ушундай өсүштү Кыргызстанда мындан ары да кармап туруу керек. Экономика министрлиги инфляциянын деңгээли сегиз пайыздан ашпашы үчүн бардык аракетин көрүшү зарыл", — деди министр.

Сариев: ЕАЭБге киргенден кийин маселелерди чечүү үчүн өлкөдө ыкчам штабдар иштемекчи
Сариев, ошондой эле, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик боюнча өнөктөш өлкөлөрдү тапканын кошумчалады. Муну ЕЭКтин комиссиясы Кыргызстандын бажы чек арасынын ачылышына даярдыгын жактыруусу далдилдеп турат.

Премьер эң чоң жетишкендик катары Кыргызстанга алынып келип жаткан 166 товарга беш жылдык мөөнөткө чейин жеңилдик берилишине жетишүү болгонун белгиледи.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн Sputnik сайтынан көрсөңүздөр болот>>>

Жаңылыктар түрмөгү
0