Кыргызстан ЕАЭБде айыл чарба азыктары жана текстиль боюнча атаандаштык түзүшү мүмкүн

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДыйкандардын картошка чогултуу мезгили. Архив
Дыйкандардын картошка чогултуу мезгили. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз товарларынын рыногунун кеңейиши энергетика, айыл чарба жана транспорттук-логистикалык комплекске инвестиция тартууга көмөкчү болот.

БИШКЕК, 13-мая — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин экспорттук мүмкүнчүлүк 20-25 пайызга көтөрүлөт деп билдирди "Бизнес жана ЕАЭБ: анын келечеги" деп аталган форумда РФ Мамлекеттик думасынын депутаты Алексей Чепа. 

8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин биринчи саммитинде Кыргызстандын экономикалык альянска кириши боюнча акыркы документтерге кол коюлган. 

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча КРдин ЕАЭБге кириши мамлекеттик кирешени бир топ арбытат. Бажы салыктары менен кошумча нарк салыгынан эле мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү болжол менен жарым эсеге өсөт", — деди Чепа. 

Анын айтымында, Кыргызстан айыл чарба азыктарын, текстиль өнөр жайы боюнча башкаларга теңдеш атандаштык кыла алат. Кыргыз товарларынын рыногунун кеңейиши энергетика, айыл чарба жана транспорттук-логистикалык комплекске инвестиция тартууга көмөкчү болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0