Кыргызстан быйыл 5,23 млрд. сомго электр энергиясын импорттоого ниеттенүүдө

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЭлектр чубалгылары. Архив
Электр чубалгылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 2015-жылы 5,23 миллиард сомдук энергиясын импорттоо пландалууда.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстан 2015-жылы Казакстан менен Тажикстандан электр энергиясын импорттой турганын Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Нурбек Элебаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө дагы деле болсо электр кубатынын тартыштыгы байкалууда, андыктан, Кыргызстан коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоону улантат.

Жалпысынан 2015-жылы 5,23 миллиард сомдук 1,18 миллиард кВт-саат электр энергиясын импорттоо пландалууда.

"Май айынын аягында "Экибазстузская ГРЭС" АКтан электр кубатын импорттоо токтойт. Ал жактан 75 миллион кВт-саат электр энергиясы алынды. Эми Тажикстандан 488 миллион сомдук 225 миллион кВт-саат электр энергиясын импорттойбуз", — деди ал.

Элебаев ошондой эле, жылдын аягында Казакстандан электр энергиясын алуу улантыла турганын кошумчалап, Жамбыл райондук электр станциясынан 2,25 миллиард сомдук 450 миллион кВт-саат электр энергиясы алына турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0