16:16 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
4810

Жаңы дайындалган өкмөт башчы алгачкы ишин Чүй жана Кемин райондорундагы продукцияларын экспортко даярдаган дыйкан чарбаларын кыдыруу менен баштады.

БИШКЕК, 4-май – Spitnik. Жаңы дайындалган өкмөт башчы Темир Сариев Чүй жана Кемин райондорун кыдырып, дыйкан чарбалардын иши менен жакындан таанышып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга мамлекеттик органдарга тапшырма берди. 

Аталган дыйкан чарбасы ири мүйүздүү бодо малды өстүрүп, анын этин республиканын ичине жана сыртка сатат. 

Өкмөт башчысы "Bulls KG" дыйкан чарбасы малдын башын сегиз миңге жеткирүүнү пландап жатканын, алар өндүргөн эт менен сүт экологиялык жактан таза азык экенин айтты. 

"Кыргызстан ЕАЭБге кирип жаткан учурда, ал аталган уюмга мүчө өлкөлөргө экспорт кыла алат", — деди Сариев. 

Өкмөт башчы "Ширин-Алма" дыйкан чарбасында да болуп, андагы сугаруу жана башка иштерде жаңы ыкмалар пайдаланып жаткандыгын көрдү. 

Дыйкан чарбанын жетекчиси Нурлан Макеевдин айтымында, 434 гектар аянтка мөмө бактары тигилген жана 2017-жылдан тарта түшүм алууну пландан жатат. Багбан өстүргөн алмаларын негизинен экспертко чыгаруу ниетинде.

Премьер-министр иш сапар учурунда ата мекендин өндүрүшчүлөрдү колдоо зарылдыгын белгиледи. Бул боюнча ал тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүн колдоо, тагыраагы күнөсканалар, тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга тапшырма берди.

Тема боюнча

Шапарева: КРдин өндүрүш компанияларынын бардыгы эле штрих-код колдоно бербейт
Центерранын жаңы өндүрүш планы кыргыз тарапты туңгуюкка такады
Белгилер:
Чүй району, Кемин району, Темир Сариев, "Ширин-Алма", "Bulls KG", премьер-министр

ЭҢ МААНИЛҮҮ