22:55 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Капуста жыйноо. Архив

Дыйкандарга жеңилдетилген түрдө 1,3 миллиард сомдук насыя берилди

© Sputnik / Константин Чалабов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
42 0 0

Насыялардын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө берилген

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо-3" долбоорунун алкагында дыйкандарды, айыл чарба азыктарын кайта иштетүүчүлөрдү колдоо максатында жеңилдетилген түрдө бир миллиард 277 миллион сомдук үч миңден ашык насыя берилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

29-апрелге карата алынган маалымат боюнча айыл чарбасын колдоо долбоорунун алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө бир миллиард 71 миллион 476 миң сом насыя берилсе, өсүмдүк өстүрүүгө 170 миллион сом, кайта иштетүүчү ишканаларга 35 миллион сом жеңилдетилген насыя түрүндө берилген.

Быйыл дыйкандарга бериле турчу насыялар жаңы шартта берилүүдө. Ал үчүн насыя ала турган жактын акчаны кандай пайдалана турганы боюнча бизнес планы болушу шарт.

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн быйыл өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген шартта беш миллиард сомдук насыя берүүнү пландап жатат.

Тема боюнча

Министрлик дыйкандарга берилчү насыянын кечигишине түшүндүрмө берди
Ысык-көлдүн алмалары Россиянын рынокторун багындырат
Бажы биримдиги айыл чарба продукцияларына суроо-талаптарды өстүрмөкчү
Белгилер:
айыл чарбасы, насыя, өкмөт

ЭҢ МААНИЛҮҮ