Сариев: ЕАЭБге кирген соң, тигүүчүлөр өз тармагында мурдагыдай эле лидер болушат

Жазылуу
Учурда ЕАЭБге кирүү алдында кыжаалат болуп, кооптонуп турган кыргызстандык кийим тигүүчүлөрдү өкмөт аталган биримдикке киргенден кийин ара жолдо калбайт деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин өз тармагында мурдагыдай эле кайра лидер болушат. Бул туурасында экономика министри Темир Сариев Sputnik маалымат сайтына билдирди.

"Каатчылыктын айынан кийим тигүү тармагындагы экспорт Россия менен Казакстандын талаптарды катуулатышынан кыскарды. Андан тышкары, биздин экспортко теңге менен рублдин куну түшүп кетиши жа өз кедергисин тийгизди. Кыргыз сому туруктуураак болуп чыкты. Ошондуктан биздин товарлар кымбатыраак болуп калды. Бирок рублдин бекемдешине байланыштуу экспорт өсөт деп айтса болот. Биримдикке кошулгандан кийин жагдай сөзсүз жакшырып, биздин тигүүчүлөр өз тармагында мурдагыдай эле кайра лидер болушат", — деп билдирди министр Сариев. 

Буга чейин "Легпром" ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөнов рублдун төмөндөшүнөн ата мекендик тигүүчүлөр өз товарларын мурдагы көлөмдө сата албай калышкандыгын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0