Центерранын директорлор кеңешине мүчө болууга талапкер Лорд Кланвильям Бишкекке келди

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Лорд Кланвильямды Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан мүчө болууга талапкер катары сунуштаган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болууга талапкер болгон Британиянын жараны Лорд Кланвильям Бишкекке келгенин өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлүккө жети чет элдик кишини сунуштаган. Алар: 

 

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттеги көпчүлүк коалиция "Кумтөр" боюнча өкмөттүн сунушун жактырды
Лорд Кланвильям (Великобритания)
  • Мартин Грехэм (Великобритания)
  • Боб Букан (Канада)
  • Питер Холодный (США)
  • Павел Скитович (США)
  • Дияр Канашев (Казахстан)
  • Мария Черновалова (Канада) 
  •  

    Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, Лорд Кланвильям жума күнү маалымат жыйын өткөрүп, ЖМКнын суроолоруна жооп берет.

    10-апрелде өкмөт Кумтөр кени боюнча өзүнүн сунушун алып келген. Оторбаев Кумтөр кенин иштетүүдө биргелешкен ишканадан жана аны улутташтыруудан баш тартуу керектигин, учурдагы шарттарды өзгөртүүсүз калтырып, компаниянын менеджментин алмаштыруу туура болорун билдирген.

    Жогорку Кеңеш 2014-жылдын февраль айында "Кумтөргө" байланышкан маселени Кыргызстандын пайдасына ылайык келишим түзүү менен чечүүнү өкмөткө тапшырган эле.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0