Депутаттар сыртка ташылып жаткан алтын кендерине бажы төлөмүн киргизүүнү демилгелешти

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүРуданы ташуу. Архив
Руданы ташуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊештин депутаттары сыртка ташылып кетип жаткан алтын кендерине экспорттук бажы алымын киргизүү демилгесин көтөрдү.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин депутаты Мирлан Бакиров баалуу металлдар камтылган кен казылмаларын чет өлкөгө ташып кетип иштетүү көлөмү жылдан-жылга көбөйүп бараткандыктан, аларга бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу зарыл деп эсептейт. Бул туурасында ал парламенттин тармактык комитетинин отурумунда айтты. 

"2014-жылы Казакстан менен Кытайга чыгарылып кеткен алтын кен көлөмү 4 миӊ тоннадан ашты. Биз 2015-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүүнү, ал эми 2016-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштадык. Бул мыйзам кабыл алынса, бюджетке кошумча каражат түшө баштайт", — деди Бакиров. 

Бюджет жана финансы боюнча комитетинде депутаттар демилгелеген "КРнын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга бажылык алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда жактырылды.

Экономика министринин орун басары бул мыйзам долбоору бажы тарифитери жөнүндөгү мыйзамга каршы келерин, иштеп жаткан мыйзамга ылайык, экспорттук бажы тарифин аныктоо өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына кире турганын билдирди. 

Жыйынтыгында демилгечилерге экинчи окууга чейин өкмөт менен позицияларды такташып, комитеттин кароосуна бирдиктүү чечим менен келүү тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0