Эксперттер: доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн

Жазылуу
Экономисттер доллардын наркынын төмөндөшү орус рублунун көтөрүлүшүнө байланыштуу экенин айтышууда.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүндүгүн экономист Кубанычбек Идинов Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Өткөн жумада доллардын курсу төмөндөй баштаган. Анын курсу 3-4 сомго чейин түшүп кетти. Учурда коммерциялык банктар бир АКШ долларын 59 сомдон сатып алып, 61 сомдон сатууда. Акча алмаштыруу жайлары долларды 59 сомдон алып, 59,6 сомдон сатып жатышат.

Идиновдун айтымында, акыркы убакта орус рублунун күчтөнүшү АКШ долларынын арзандашын шарттап жатат.

"Кыргызстан бул статистикадан түздөн-түз көз каранды, анткени Кыргызстандын 70 пайыз товар айлануусу Россия менен байланыштуу", — деди ал.

Идинов ошондой эле, валюта рыногундагы абалга акырындык менен өсүп жаткан дүйнөлүк нефтинин баасы да таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

"Эгер доллардын наркы 45 рублга чейин түшсө, бул  Кыргызстандын валюта рыногунда да сезилет", — дейт Идинов.

Тажикстандык эксперт: акча алмаштыруу жайларын жабуу көйгөйдү чечпейт
Экономист АКШ долларынын арзандашына акча алмаштыруу жайларынын да күнөөсү бар деп эсептейт, себеби алар валютанын айланасында жасалма ажиотаж жаратууда. Алгач алар доллардын курсун дароо көтөрүп, Улуттук банкты валюта рыногуна интервенция жасоого мажбурлашат. Андан кийин доллардын баасын кайра кескин түшүрүп, валюта рыногуна сомду көп чыгарышат.

Адис Кеңешбек Алимбеков да ушундай эле көз арашта. Анын айтымында, улуттук акча бирдигинин долларга карата кымбатташы акча алмаштыруу жайларынын чайкоочулук оюндарына жана башка  убактылуу көрүнүштөргө байланыштуу.

"Азыр жана мындан ары да туристтердин агымы көбөйөт, алардын акчасы да Кыргызстандын валюта рыногундагы абалга түздөн-түз таасир бериши мүмкүн. Муну убактылуу төмөндөө деп айтса болот", — дейт Алимбеков.

Экономисттин айтымында, Улуттук банк доллар менен сомду көзөмөлгө алуусу керек. Анткени чет элдик валюталардын көтөрүлүп-түшүүсү республиканын экономикасына терс таасир бериши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0