Оторбаев: "Кумтөр" маселеси боюнча эки гана жол бар

Жазылуу
Өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүү боюнча эки жолду сунуштайт.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Кумтөр" кенинин айлансында түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт эки гана жолду көрүп жатканын өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди. 

Буга чейин Оторбаев парламент сунуштаган канадалык компания менен биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин билдирген.

"Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт азыр эки жолду карап жатат. Биринчиси биз сунуштаган шарт боюнча биргелешкен ишкана түзүү, экинчиси Кумтөр кенин иштетүүнү ушул шартта калтырып, бирок, Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн Кыргызстандын пайдасы үчүн алмаштыруу", — деди ал.

2014-жылдын 31-декабрына алынган маалымат боюнча "Кумтөр" кениндеги алтындын запасы 331 тонна.

"Кыргызалтын" ААКтын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Кылычбек Шакиров 1997-жылдан бери 300 тонна алтын "Кыргызалтындын" уруксаты менен сатылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0