Шакиров: кыргыз тарап сунуштаган шартта биргелешкен ишкана түзүү биз үчүн пайдалуу

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүШакиров: кыргыз тарап сунуштаган шартта биргелешкен ишкана түзүү биз үчүн пайдалуу
Шакиров: кыргыз тарап сунуштаган шартта биргелешкен ишкана түзүү биз үчүн пайдалуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызалтындын" жетекчиси алар сунуштаган шарт боюнча биргелешкен ишкана түзүү өлкө үчүн пайдалуу экенин парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Кыргызалтындын" ушул жылдын 31-мартында сунуштаган шарты боюнча биргелешкен ишкана түзүү өлкө үчүн пайдалуу экенин парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кылычбек Шакиров билдирди.

Кумтөр боюнча өкмөттүн жаңы сунушун эми көпчүлүк коалиция карай турган болду
Ал ошондой эле, эки жыл аралыгында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүгө 300 миллион сом, же 4,5 миллион евро кеткенин кошумчалады.

Депутаттар эмне үчүн сүйлөшүүгө мамлекеттин каражаты кетти деп кызыгышты. Шакиров өз кезегинде сүйлөшүү жүргүзгөн компанияга кете турчу чыгымдарды мамлекет төлөп берет деген токтомду депутаттар чыгарып бергенин белгиледи.

Шакиров "Кумтөр" кенин иштетүү 2010-жылы эле токтой турган болгондугун, бирок, чалгындоо иштеринин натыйжасында кенде алтындын бай кору табылып, кендин өмүрү узарганын кошумчалады.

Шакиров ошондой эле, эгер алтындын уницийи 1100 доллардан төмөн түшүп кетсе, "Кумтөр" кенин иштетүү пайдасыз болуп кала турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0