Кыргызстан алтын маселесине эксперттерди жалдаганга 341 миллион сом сарптаган

Жазылуу
Кыргызстан "Кумтөр" маселеси боюнча эксперттерди жалдаганга 341 миллион сом жумшаган.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстан "Кумтөр" маселеси боюнча Центерра менен биргелешкен ишкана түзүү процессине чет элдик эксперттерди жалдоого 341 млн. сом короткон. Бул туурасында "Кыргызалтын" ААКтын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Кыргызстан бул максатта үч компанияны — "DLA Piper UK LLP", "Pricewaterhouse Coopers LLP" жана "AMEC Earth & Environmental UK Ltd." жалдаган. 

Эки жыл ичинде кыргыз тарап аталган эксперттик компанияларга жана бул багыттагы иштерге бардыгы болуп 341 миллион сом сарпталганын маалымдады.

"2015-жылдын 31-мартына карата маалыматтарды айтсам, "Кыргызалтын" "DLA Piper UK LLP", "Pricewaterhouse Coopers LLP" жана "AMEC Earth & Environmental UK Ltd." компанияларына 307 миллион сом төлөдү деп эсептесе болот. Андан тышкары, 10 пайызды "Кыргызалтын" 30 миллион сом өкмөткө өткөрдү. Бул боюнча аталган компаниялар менен келишимдер бар", — деди Шакиров. 

Андан сырткары, жергиликтүү эксперттерге 3 миллион 709 миң, котормо иштерине 1 миллион 236 миң сом, башка чыгымдарга 181 миң сом сарпталган. 

Шакиров бул каражаттарды чыгымдоо алдында өкмөттөн атайын токтом чыгып, Мамлекеттик мүлк фонду "Кыргызалтынга" акционердук коом катары уруксат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0