03:20 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Былтыр КР менен Россиянын ортосундагы товар айлантуу 1,5 млрд долларга жеткен

Былтыр КР менен Россиянын ортосундагы товар айлантуу 1,5 млрд долларга жеткен

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
3110

Эки мамлекеттин былтыркы жалпы соодасында экспорт 403 миллион долларга, импорт 55,8 миллион долларга жеткен.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 2014-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар айлантуу 1 миллиард, 459 миллион долларга жеткени КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында айтылды.

Россия — Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Былтыр жалпы сооданын ичинен экспорт 403 миллион долларга, импорт 55,8 миллион долларга жеткен. Ал эми сальдо Россиянын пайдасына болуп, ал бир миллиард 347 миллион доллар болгон.

Кыргызстан Россиядан негизинен мунай продукттарын, азык-түлүк товарларын (балык, каймак, сүт азыктарын, какао жана суусундуктар), машина жана жабдыктарды, темирди импорттойт. 

Өз кезегинде Кыргызстан Россияга айыл-чарба азыктарын, жер-жемиштерди, тамеки, пахта жана жеңил өнөр-жай товарларын экспорттойт.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы иштер министрлеринин кеңеши КМШнын негизги аткаруучу органы. Ал уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы саясатын жана алардын эл аралык уюмдардагы ишмердигин жөнгө салууну аткарат.

Белгилер:
импорт, экспорт, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ