Коомдук фонд 9-майда Бишкекте атылуучу салютка каражат чогултууга ниеттенип жатат

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүМеждународный фестиваль фейерверков "Серебряная ладья"
Международный фестиваль фейерверков Серебряная ладья - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада фейерверктердин башкы уюштуруучусу "Россалют" фонду быйыл салют атууга бийлик тарабынан бөлүнгөн каражаттын жетишсиздигине нааразы.

БИШКЕК, 1-апр — Sputnik. "Россалют" коомдук фондунун президенти Михаил Боровинский Жеңиш күнү Бишкекте атыла турган салютка бөлүнгөн каражат жетишсиз деп эсептейт, жана "алар жылдын башкы салютуна каражат топтоо боюнча акция үчүн эсеп ачууну ойлоп жатышат".

Мудагы Советтер Союзуна кирген республикалардын дээрлик бардыгында Жеңиштин 70 жылдыгына арнап кенен иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде салют атуу пландалганы белгилүү.

Sputnik кабарчысы менен болгон маегинде Боровинский бийлик тарабынан 9-майга карата фейерверкке болгону 200 миң сом бөлүнгөндүгүн айтты.

"Бул фейерверк өлкөнүн өзүн чагылдырат. Биз атуулдар катары өз республикабыз үчүн намыстанабыз. Буга жок дегенде миллион сом бөлүнүшү керек деп ойлойм", — дейт фонддун президенти.

Россалюттун башкы пиротехниги Александр Красный бөлүнгөн каражаттын эсебинен алганда бишкектиктер үчүн Жеңиш күнү көзгө илинерлик салют болбойт деген пикирде.

"Белгиленип жаткан салтанаттын маанисине жараша салюттун бийиктиги шаардын бардык жеринен көрүнгүдөй, жок эле дегенде 200 метр болушу керек. Азыр болсо болгону 70 метрге эле жетет", — деп түшүндүрдү Красный.

Россалюттун эки өкүлү тең Улуу Жеңиш күнүнө карата салютка акча чогултуу жөнүндө Интернетке жарыя берүүнү ойлоп жаткандыктарын айтышты.

Красный өз кезегинде Россалют "салютту иштеп чыгуучулар менен жеткирип берүүчүлөрдүн гана акысын алып, калганын акысыз уюштурууга даяр" экендигин айтты.

Чаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты - Sputnik Кыргызстан
Чаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты
Ошол эле учурда шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы азырынча 9-майдагы иш-чаралардын чыгым эсептери бекитиле электигин, ошондуктан салютка бөлүнө турган каражаттын көлөмү да азырынча белгисиз экендигин айтышты.

1998-жылдан тартып Россиянын "Салют России" коомдук уюмунун Кыргызстандагы филиалы республикада салюттарды өткөрүү менен алектенген. 2004-жылы компания жоюлгандан кийин анын алдында түзүлгөн ишкана "Россалют" коомдук фонду аталып калган. КРда салюттарды уюштуруудан сырткары "Россалют" ар түрдүү кайрымдуулук акцияларын өткөрүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0