Салык кызматы: 31-мартта бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу аяктайт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПодача налоговых деклараций в Налоговую инспекцию. Архивное фото
Подача налоговых деклараций в Налоговую инспекцию. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жеке тараптар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 31-мартта жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларацияны тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

31-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердик кылган дыйкан жана фермердик чарбалар берүүгө милдеттүү.

"Салык органдары эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин жеке адамдардан декларацияларды кабыл алуу менен менен күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жарандар аны 18.00дөн кийин берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, — деп билдирди ведомствонун маалымат кызматы.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке тараптарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Декларация тапшыруу боюнча маалыматты 194 номери аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0