Тоо-кен өнөр жайчыларынын ассоциациясы "Кумтөрдүн" улутташтырылышын колдойт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтор. Архивное фото
Кумтор. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтөрдү" улутташтыруу өндүрүштүн көйгөйүн чечүүнүн жалгыз жолу болушу мүмкүн деп эсептейт эксперттер.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Тоо-кен өнөр жайчылары менен геологдордун ассоциациясы жана тоо-кен тармагындагы башка адистер "Кумтөрдүн" улутташтырылышын колдойт деп билдирди бейшемби күнү маалымат жыйынында бирикменин башчысы Орозбек Дүйшеев.

Анын айтымында, тоо-кен тармагы туура уюштурулса, кыргыз экономикасын алдыга жылдыра алмак, бирок азыр ал начар абалда.

"Аталган тармакка инвестициялардын көлөмү 10 эсе кыскарышы кырдаалдын көрсөткүчүн түзөт. "Кумтөрдүн" жүргүзгөн иштерине мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу азыр мамлекет өзү чыгым тартып жатышына алып келди", — деди Дүйшеев.

Тоо-кен инженериясы боюнча адис Илнур Хасбулатов кен жайындагы өндүрүш боюнча техникалык долбоордун жоктугу эң башкы көйгөй экендигин кошумчалады. Дал ошол себептен кен казуудан чыккан таштандылар мөңгүлөргө жайгаштырылып жатат дейт ал.

"Ошентип азыр "Кумтөрдүн" өндүрүшүндөгү экологиялык абал катастрофа алдында турат", — деп баса белгиледи Хасбулатов.

Ошону менен бирге, ал карьердеги тоо-кен өндүрүү иштерин токтотууга эч болбостугун, анткени иштеп чыгуучулар каталарды оңдоого кирише турган болсо, бул чоң жамандыктарга алып келе тургандыгын белгиледи. 

Анын кесиптеши Гани Асаналиев өкмөт "Кумтөрдү" улутташтыруу жөнүндө катуу ойлонушу керектигин айтат, себеби биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалып калды. 

"Centerra Gold Inc. Компаниясынын Кыргызстанга тиешелүү акцияларынын басымдуу бөлүгү азыр сот тыюусу алдында. Дал ушул себептен маселени жакшы чечилиши жөнүндө кеп кылуу кыйын. Эгер башка айла болбосо, улутташтыруу — муну чечүүнүн жалгыз жолу", — деди Асаналиев.

Ошону менен бирге өндүрүштү жакшы өнүктүрүү үчүн башкаруучулук да, тоо-кен да тармагында КРдин өз кадрлары жетиштүү экендигин белгиледи ал. 

Өткөн жылдын февралында парламент министрер кабинети менен канадалык Centerra Gold Inc. Компаниянын ортосунда биргелешкен ишкана түзүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлушун жактырган. Өкмөт түшүндүргөндөй, "Кыргызалтын" ААКнын үлүшүн кайра түзүү боюнча макулдашууга 2009-жылдагы бардык макулдашуулар негиз кылып алынат Кумтөрдү иштетүүнүн жаңы шарттары боюнча "Кыргызалтын" менен Centerra бирдей үлүштөгү БИ түзүшөт. Министрлер кабинетине биргелешкен ишкана уюштуруу жөнүндө келишимди алып чыгууга үч айлык мөөнөт берилген, бирок Канада тарап менен сүйлөшүүлөр дагы эле жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0