Исабеков: "Кумтөр" маселеси бул сапар да чечилбейт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтор. Архив
Кумтор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндөн кийин өкмөт "Кумтөр" маселеси боюнча келишимди Жогорку Кеңешке алып келиши керек. Бирок, канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүү маселеси чечилбей, ал өкмөттүн отставкага кетүүсү менен аяктаары айтылууда.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Эки күндөн кийин Өкмөт Жогорку Кеңешке Кумтөр боюнча канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгын алып келиши керек. Учурда Кыргызстандын аталган компаниядагы акциялары ар кыл доо арыздардан, анын ичинен көлөмдүүсү Stans Energy компаниясынын дооматынан улам камакта турат. Баалуу кагаздардын тоңдурулуп турушу "Кумтөр" боюнча маселени ары же бери кылууга мүмкүнчүлүк бербестиги түшүнүктүү. Бул жагдай, "Кумтөр" маселеси бул өкмөттү отставкага кетирээрин бир катар адистер божомолдоп жатышат. 

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев "Кумтөр" боюнча канадалыктар менен сүйлөшүү процесси туңгуюкка такалгандыгын, мунун башкы себеби, акцияны айланчыктаган доо арыздары экендигин айтты. 

"Биргелешкен ишкана түзүү үчүн акцияны өткөрүп беришибиз керек, анын 70 пайыздан ашууну камакта тургандан кийин өткөрө албайбыз. Баалуу кагаздарды бошотуу үчүн Stans Energy компаниясы 118 миллион доллар, 26 миллион сумманы дагы башкалар талап кылууда. Мынча акчаны кайдан табабыз, демек, жок. Сүйлөшүүлөр азыр туңгуюкка келип такалды, аны бүгүн ишке ашырууга мүмкүн эмес. Stans Energy компаниясынын дооматы "Кумтөрдүн" тагдырына абдан катуу таасир тийгизет", — деди Дүйшеев.

"Кумтөр" маселеси боюнча ЖКнын IV чакырылышынын экс-вице-спикери "Кумтөр" боюнча маселе 26-мартта да чечилбей, ушул тейде кала тургандыгын жана мунун артынан өкмөт отставкага кетет деген пикирин айтты.

"26-мартта өкмөт келишимди өткөрө албайт, себеби, биринчиден, акциялар камактан толук чыккан жок. Экинчиден, канадалыктар акцияны беребиз дегенден кийин бербей жаткандан кийин макул болобу. Өкмөт отставкага кетет, Кумтөр көйгөйү ушул боюнча калат. Менин оюмча, бул кыргыз атка минерлеринин ойлоп чыгарганы. Менимче, бул өкмөттү Жогорку Кеңеш отставкага кетирет, антпесе, Кыргызстандын тарыхындагы чабал өкмөт болду. 50-50 деген кулакка жакшы угулганы менен, акционерлер ким болсо ошолор кендин кожоюну болуп калат. Алар кандай чечсе, кайсы пайызын берсе, ошону 50-50 кылып бөлүп калышат. Анын үстүнө биргелешкен ишкана түзүп туруп, калдык сактоочу жайлар жана башка төлөмдөрдү кыргыз тараптын мойнуна илинип калат", — деди Исабеков.

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөткө дагы бир ай мөөнөт берди
Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту 14-октябрда Stans Energy Corp тоо-кен компаниясынын талабы менен Centerra Gold Inc алтын өндүрүүчү компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКына тиешелүү 47 миллион акцияны камакка алдырган. Бирок, кыргыз тарап бул боюнча соттук тирештирүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген.

Мындан бир ай мурда, 26-февралда ЖК өкмөттүн Centerra Gold Inc. менен бирдей үлүштөгү биргелешкен "Кумтөр" ишканасын түзүү боюнча токтомдордун аткарылышын канааттандырарлык эмес деп таап, канадалык тарап менен мамлекеттин пайдасын көздөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дагы бир ай убакыт берген. 

Ал эми премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт "Кумтөр" боюнча документтин акыркы вариантты парламентке апрелдин аягында алып келе ала тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0