07:37 25 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
КР ЕБга товарлардын 7 миң түрүн мамлекеттик төлөмсүз экспорттоону пландап жатат

КР ЕБга товарлардын 7 миң түрүн мамлекеттик төлөмсүз экспорттоону пландап жатат

© Sputnik / Игорь Зарембо
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

Европа биримдигинин "Жалпы преференциялар+ системасын" пайдалануучу статусун алуу өлкөгө товарлардын жети миң түрүн мамлекеттик төлөмсүз экспорттоого мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 20-мар — Sputnik. Кыргызстан Европа биримдигинин "Жалпы преференциялар+ системасын" (ЖП+С) пайдалануучу статусун алууга арыз бермекчи деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Азыркы учурда КР "Жалпы преференциялар системасын" (ЖПС) пайдаланып, ага жараша өлкө товарлардын 3 миң 300 түрүн мамлекеттик бажы төлөмүсүз жана 3 миң 700 түрүн төмөндөтүлгөн мамлекеттик төлөм менен экспорттой алат.

ЖП+Ске кирсе, республика төмөндөтүлгөн мамлекеттик төлөм менен экспорттолуп жаткан товарларды жана ЖПСтин негизги схемасына кирген башка товарларды кошкондо бардыгы болуп 7 миң товардын түрүн мамлекеттик төлөмсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн алат. 

Ошону менен Кыргыз Республикасынын ЕБ мамлекеттерине жана жана Түркия сыяктуу ЕБнын Бажы биримдигине мүчө өлкөлөргө товарларды экспорттоо үмкүнчүлүгү кеңейет деп эсептешет министрлер кабинетинде.

"Кошумча товарлар үчүн бажы жеңилдиктерин алуу КРдин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга көмөк болот. Республика ЖП+С схемасынын жеңилдиктерин пайдалануучу ББдагы жалгыз өлкө болот. Себеби Россия, Казакстан жана Беларусь кирешеси салыштырмалуу жогору өлкөлөр болуп эсептелгендиктен, мындай жеңилдиктен пайдалана албайт", — деп белгилешти өкмөттөн.

Ошондой эле бул биргелешкен өндүрүштөрдү ачып жана ЕБ мамлекеттерине экспортту жөнгө салуу үчүн Кыргызстанга ББ өлкөлөрүнөн инвесторлорду тартууга жакшы өбөлгө болорун баса белгилешти министрлер кабинетинен.

Билдирүүдө КР ЖП+С схемасына кирүү шарттарына туура келет деп айтылат. Арыз берилгенден кийин Европалык комиссия аны алты ай ичинде карап чыгып, өлкөнү ЖП+С схемасына кошуу мүмкүнчүлүгү боюнча чечим чыгарат.

Тема боюнча

Өкмөткө инвестициялык келишимдерди түзүү укугу берилди
Белгилер:
экспорт, Жалпы преференциялар системасы, Беларусь, Казакстан, Россия, Европа, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ