Оторбаев: насыя алуу үчүн дыйкандардын бизнес планы болушу шарт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОторбаев: насыя алуу үчүн дыйкандардын бизнес планы болушу шарт
Оторбаев: насыя алуу үчүн дыйкандардын бизнес планы болушу шарт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр быйыл айыл чарба жаатында иштегендерге берилчү насыя системасы өзгөрө турганын билдирди. Ага ылайык, насыя ала турганы дыйкандардын бизнес планы болушу керек.

Жазкы талаа жумуштары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар насыя, үрөн маселесинин аксап жатканын өкмөттүн алдына коюшту
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Насыя алам деген дыйкандардын бизнес планы болушу керектигин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Чүй облусуна болгон жумушчу иш сапары учурунда билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдагандай, премьер-министр Панфилов районун Чалдыбар айыл аймагында жайгашкан суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча жайдын иши менен таанышып жатып, дайкандарга берилчү насыя маселесине токтолду.

Анын айтымында, быйыл айыл чарба жаатында иштегендерге берилчү насыя системасы өзгөрөт. Ага лайык, насыя алам деген ар бир дыйкан бизнес-планын түзүшү керек.

Оторбаев быйыл лизингге 900 даана трактор алуу пландалып жатканын кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылы өкмөт асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагына 5 миллиард сом бөлөт. 2014-жылга салыштырмалуу дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү миллиард сомго көбөйгөн.

Депутаттар бейшемби күнү, 9-мартта ЖКнын пленардык жыйынында өкмөт тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген кредит берүү чийки иштелип калгандыктан, көйгөй жаралып жаткандыгын өкмөткө эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0