03:31 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Рабочий визит В.Путина в Астану для участия в заседании ВЕЭС

Путин ЕАЭБнын валюталык биримдигин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды

© Sputnik / Михаил Климентьев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
9 0 0

Россиянын лидери министрлер кабинетине жана Борбордук банкка ЕАЭБде валюталык интеграцияга даярданууну жана бирдиктүү валюталык биримдикти түзүүнүн максатка ылайыктуулук жагын карап чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 11-мар — Sputnik. Россиянын Борбордук банкына жана министрлер кабинетине жарым жыл ичинде ЕАЭБде валюталык интеграцияга даярдануу жана бирдиктүү валюталык биримдикти түзүүнүн максатка ылайыктуулук жагын карап чыгуу тапшырылды деп билдирет РИА Новости РФ башчысынын расмий сайтына таянуу менен.

Мындай тапшырманы Владимир Путин берди. ЕАЭБде мындан аркы валюталык интеграциянын багыттарын аныктоого Россиянын жарым жылдан кем убактысы калды. Россия лидери 1-сентябрга чейин мөөнөт берди.

"Ошондой эле РФтин ББ жана министрлер кабинети мамлекеттердин башкы каржы институттары менен кызматташтыкта бирдиктүү валюталык биримдикти түзүүнүн максатка ылайыктуулук жагын карап чыгуулары зарыл", — деп айтылат Путиндин тапшырмасында.

Мурдараак Sputnik кабарчысына берген маегинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев биримдикке мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктары өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча катуу иштерди жүргүзүп жатат деп билдирген эле. Анын пикири боюнча, бул иш-аракеттер улуттук валюталардын кайчылаш баалары боюнча аткарылып, күн сайын оңдолуп жана бекитилип турат. Оторбаев ЕАЭБда бирдиктүү валюта киргизүү пландала элек деп белгилеген.

Белгилер:
валюталык биримдик, кремль, РФтин Борбордук банкы, Евразиялык экономикалык биримдик, Владимир Путин, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ