Экономика министрлиги ишкерлерге продукциянын сапатын жакшыртууну сунуштады

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКүнөскана. Архив
Күнөскана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин экономика министринин орун басары Данил Ибраев Кыргызстандан чыгуучу товарлардын сапаты жагынан чоң кыйынчылыктар бар экенине карабай, ЕАЭБнын базарларында татыктуу орун ээлөөгө өлкөнүн мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Өндүрүүчүлөр бирикме сунуштаган шарттарды толук колдонгон учурда гана буга жетишүүгө болот дейт ал.

БИШКЕК, 10-мар — Sputnik. "Бүгүнкү Кыргызстандагы ишкердик өзү бутуна турду жана бул үчүн ишкерлерге баа бериш керек", — деди "Евразиялык интеграция: өнүгүүгө карай жол" деп аталган илимий-практикалык конференцияда экономика министринин орун басары Данил Ибраев.

Анын айтымында, жергиликтүү товарлардын сапаты жагынан кыйынычылыктар көп. Бул алардын Евразиялык экономикалык биримдиктеги атаандаштык жөндөмүн төмөндөтөт, ошондуктан КРди алдыда чоң жана көп аракетти талап кылчу иш күтүп турат.

Республика олуттуу атаандаштык аймагына кирип жаткандыгын кошумчалады чиновник.

"Азыр ЕАЭБга жана Бажы биримдигине кошулуу биздин ишкердикти атаандаштык күчтүү болгон чөйрөгө алып келет. Ал өнөктөш өлкөлөрдө жайгашкан ири субсидиялуу чоң ишканалары менен ат салышат", — деди Ибраев.

Ал айыл чарба тармагы начар абалда экенин белгиледи. Чоң кооперативдердин ордуна майда товар чарбалары жана чакан өндүрүштөр түзүлгөн. Ушуну жана жердин сапаты начарлагандыгын эске алганда, жашылча-жемиш, өсүмчүлүк жагынан мүмкүнчүлүктөр чоң эмес.

Бирок министрдин орун басары Кыргызстан ЕАЭБнын базарларында жакшы орундарды ээлөөгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Себеби өлкөнүн адамдык жана энергетикалык ири ресурстары бар. 

"Бизде эмгек акысы өнөктөш мамлекеттерге салыштырганда 3-4 эсе төмөн, ушунун өзү атаандаштык артыкчылыгы болуп эсептелет. Биздин товар жок дегенде Евразия мейкиндигинде экологиялык жактан эң таза деп эсептелишине сыймыктанабыз. Бирок, тилекке каршы, ал өнүккөн өлкөлөрдө орнотулган стандарттарга азырынча туура келбейт", — деп белгиледи Ибраев.

Технологиялык жабдуу төмөн, каржылык жетишсиздик, арзан логистиканын жоктугу сыяктуу көйгөйлөргө карабай, КР ЕАЭБ берүүчү башка артыкчылыктарды пайдалана алат. Бул товарлардын, эмгек ресурстарынын, капиталдардын жана кызматтардын эркин кыймылы деп эсептейт министрдин орун басары. 

Экономика министринин кеңешчиси Олег Панкратов Кыргызстан кайра экспорттоодон баш тартып өз өндүрүшү менен алектенүү зарыл дейт. 

"Өлкө товарларды ири көлөмдө чыгарбай калганда, акырындап кайра экспорттого ылайыкташкан. Мындай форматта көпкө чейин иш алып барса болот. Баарына тең жакшы, баары ыраазы, бирок сырткы чөйрө улам өзгөрүп турат. Жана ЕАЭБга кошулуу ушунун белгиси болду", — деп түшүндүрдү Панкратов.

Ал КР өзүнүн сатуу рыногун бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалуу менен кеңейтиши керектигин кошумчалады.

"Ошондуктан азыр өнүгүүнүн артыкчылык маанидеги жолдорун кайра кароо зарылчылыгы келип жетти. Дал ушул үчүн биз Евразиялык экономикалык биримдикке жана Бажы биримдигине кошулуп жатабыз", — деди кеңешчи.

Панкратов республиканын интеграцияланышы азыркы күнгө ылайык багытта өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0