Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд былтыр 62 млн сом пайда көргөн

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАренда недвижимости в Омске
Аренда недвижимости в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр мамлекеттик мекеменин имараттарын ижарага берүүдөн 62 миллион сом бюджетке түшкөн. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 24,5 миллион сомго көп.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 2014-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин менчигиндеги имараттарды ижарага берүүдөн мамлекеттик бюджетке 62 миллион сом төлөгөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Өткөн жылдын аягына алынган маалымат боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду имараттарды ижарага берүү боюнча 2 миң 354 келишимди каттоого алган.

Имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн киреше жыл сайын жогорулап жатат. 2012-жылы мамлекеттик бюджетке 23,1 миллион сом түшсө, 2013-жылы бул көрсөткүч 37,85 миллионго жеткен.

2015-жылдын мартына карата 8 миллион сомго кошумча дагы 593 келишимге кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0