Өкмөт дыйкандарга кредит берүүгө 5 млрд. сом бөлөт

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүДыйканчылык. Архив
Дыйканчылык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дыйкандар быйыл өкмөт тарабынан бөлүнө турган 5 миллиард сомдук кредит алмакчы. Бул каражаттын ичинен 2 миллиард сомду бөлүштүрүп берүү милдети "Айыл Банк" ААКына тапшырылды.

БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. "Бюджеттен айыл чарбасына кредит берүүгө 5 миллиард сом бөлүнөт", — деп айтып берди Sputnik маалымат сайтына "Айыл Банк" ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов.

Анын айтымында "Айыл Банк" 2 млрд. сом кредитти берүү боюнча иш алып барат, ал эми каражаттын калган бөлүгү башка банктарга бөлүнөт. Ал бериле турган кредитттер боюнча дыйкандар эмитен эле маалыматты кызыгып сурай баштагандыгын кошумчалады. 

"Өкмөт кредитти берип баштоо боюнча азырынча токтомго кол коё элек, бирок, эртең-бүрсүгүнү, тактап айтканда жакынкы күндөрү башталат. Быйыл кредитти берүү тартибин жаңылап жана катуулатууну сунуштап жатабыз", — деп айтты Маматов. 

Насыя алгандардын арасынан буга чейин кредит алуунун тартиптери сакталбай келгендиктен, "Айыл Банктын" сунушу боюнча кредиттин максаттуу пайдаланышы тыкыр текшерилмекчи.

"Мындан сырткары биз малчылык жаатында каржылоону 3 миллион сомго чектөөнү сунуштадык, ал эми эгип, өстүрүүчүлүккө чектөө болбойт", — деп кошумчалады Мамытов.

Орто эсеп менен алганда, ар бир дыйкан 500 миң сом кредит алса болот, ал эми каражатты кайтарып берүүдө эч кандай жеңилдиктер каралбайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0