02:47 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Китайская железная дорога

"Кыргызстан-Кытай" темир жолу: КР сунуштары эске алынган макулдашуу бекитилди

© REUTERS / Stringe
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
10910

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрин кабыл алып, эки мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарына жооп берчү "Кыргызстан-Кытай" темир жолунун акыркы каттамын дыкаттык менен иштеп чыгуунун зарылчылыгын белгиледи.

Бишкек, 19-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алып, Кыргыз-Кытай темир жолу боюнча аталган өлкөгө барып келген делегациянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын талкуулады. 

Султанов президентке Кыргызстандын делегациясынын Кытайга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары туурасында маалымат берди. Иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекеттик органдары биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле кыргыз-кытайлык стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Делегация "Кыргызстан-Кытай" темир жолдун курулушунун долбоорун алдыга жылдыруу боюнча кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу менен макулдашууларга жетишти.

Президент январдын башында "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевди кабыл алып, бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай Эл Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берген. 

Мындан 10 күн мурда "Кыргызстан – Кытай" темир жолунун курулушу боюнча маселени талкуулоо боюнча Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жетектеген делегация Пекинге жөнөп кеткен

Президент Атамбаев эки өлкөнү байланыштырып, эки мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарына жооп берчү "Кыргызстан-Кытай" темир жолунун акыркы каттамын дыкаттык менен иштеп чыгуунун зарылчылыгын белгиледи.

Буга чейинки долбоордо Өзбекстан да кошулган, бирок, министр Султанов "Кытай-Кыргызстан" темир жол долбоорун курууда Өзбекстан каралбай тургандыгын билдирген.

Тема боюнча

Кыргыз-кытай чек арасы жарым айга жабылат
Президент "Кыргызстан – Кытай" темир жол курулушун кайрадан талкуулап чыгууну тапшырды
КР делегациясы Пекинге "Кыргызстан –Кытай" темир жол долбоорун сүйлөшүүгө жөнөп кетти
Белгилер:
"Кыргызстан – Кытай" темир жолу, Калыкбек Султанов, Аргынбек Малабаев, Алмазбек Атамбаев, Пекин, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ