Сертификациялоо боюнча лабораториялар майга чейин даяр болушу керек дейт премьер

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРабота ФГУП "Антидопинговый центр"
Работа ФГУП Антидопинговый центр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы арада жабдуулар сатылып алынат деп билдирди Оторбаев. Анын айтымында жабдуулар орнотулгандан кийин персоналдар окутулуп, андан соң көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын талдап баа берүүгө өнөктөштөр чакырылмакчы.

БИШКЕК, 17 фев — Sputnik. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев сертификациялоо боюнча лабораторияларды ишке киргизүү жөнүндө Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

— Сертификациялоо боюнча адистештирилген лабораториялар менен борборлорду жабдуу качан башталат? Аларды өз убагында ишке киргизе алабызбы?

Айыл чарба. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Фермерлер ЕАЭБ үчүн мөмө-жемиштерди арбын өстүрүшү керек
— Бул суроо ЕАЭБга кирүү боюнча биздин жол карталарыбызга киргизилген. Биз Россиядан абдан чоң каржылык колдоо алып жатабыз. 200 миллион долларды түзгөн бул каражат тышкы чек ара тозоттору менен сертификациялоочу лабораторияларды жабдууга жумшалат. Жакынкы арада биз жабдыктарды сатып алып келип, орнотуп, персоналды алар менен иштөөгө үйрөтөбүз. Андан соң көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын талдап баалоого өнөктөштөрдү чакырабыз. 

Бардык тараптар түзүлүп жаткан инфраструктурага канааттангандан кийин чек аралар ачылат, бирок мунун баары 9-майга чейин бүтүшү керек.

Жоомарт Оторбаевдин Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү жөнүндөгү суроолорго берген жоопторун эксклюзивдүү маектен толук окуңуздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0