Спирт ичимдиктери менен бензинге болгон акциз көтөрүлдү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСпирт ичимдиктери. Архив
Спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акциздер Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин акциздери менен теңештирүү үчүн көтөрүлдү.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырышты. Ага ылайык, аракка, спирт ичимдиктерине, коньяк, сыра жана бензинге болгон акциздердин базалык ченеми жогорулатылды.

Демилгечилердин айтымында, акциздик салык мамлекеттик бюджеттин толукталышынын булагы гана болбостон, "социалдык зыян деп саналган товарлардын" коом тарабынан көп колдонулушунун алдын алат.

"Акциздик ченемдин жогорулашы Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерде белгиленген акциздик деңгээлге жакындоо максатында жасалды", — деп айтылат мыйзамга түшүндүрмө берген билдирүүдө.

Бир катар депутаттар акциздердин жогорулашы ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен атаандашуу мүмкүнчүлүгүн чектейт деп кооптонушкан. Бирок, Евразиялык экономикалык комиссиянын баамында андай болбойт. 2020-жылга карата ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ортосунда бардык ченемдер бирдей болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0