КР делегациясы Пекинге "Кыргызстан –Кытай" темир жол долбоорун сүйлөшүүгө жөнөп кетти

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАрхив: Темир жол
Архив: Темир жол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан – Кытай" темир жолунун курулушуна боюнча маселени талкуулоо үчүн кыргызстандык делегация Пекинге жөнөп кетти.

Бишкек, 9-фев. Sputnik. "Кытай-Кыргызстан" эл аралык темир жол курулушу боюнча маселени талкуулоо үчүн Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жетектеген делегация Пекинге жөнөп кетти. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Президент "Кыргызстан – Кытай" темир жол курулушун кайрадан талкуулап чыгууну тапшырды
Буга чейинки долбоордо Өзбекстан да кошулган, бирок, учурда аталган өлкөнүн катышпай турганы маалым болду. Министр Султанов буга чейин бир катар маалымат каражаттарына "Кытай-Кыргызстан" темир жол долбоорун курууда Өзбекстан каралбай тургандыгын билдирген.

Аталган министрликтин маалымат кызматы өкмөттүк делегация "Кыргызстан – Кытай" темир жолунун курулушу боюнча маселени талкуулоо боюнча Пекинге жөнөп кеткендигин, кошумча маалымат аптанын жума күнүндө болорун билдирди.

Мындан бир ай мурда президент Алмазбек Атамбаев бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай Эл Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0