Өкмөткө инвестициялык келишимдерди түзүү укугу берилди

© Фото / Актан ТемиркановПодписать доверенность
Подписать доверенность - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев инвестиция жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган "КРде инвестициялар жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Толуктоого "инвестициялык макулдашуу" жана "инвестициялык долбоор" өңдүү түшүнүктөр киргизилди.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, эгер ал инвестор тарабынан демилгеленген болсо, Кыргызстандын өкмөтүнө мамлекеттик өнүгүү программасына шайкеш келген инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүүгө укук берилет. 

Эгерде салынып жаткан инвестициянын көлөмү 50 миллион доллардан кем эмес болсо, инвестициялык келишим өкмөт менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүү аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, инвестор жалпы таанылган эл аралык иштиктүү беделге, иш-аракеттин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимдерине жана тажрыйбасына ээ болушу керек.

Киргизилген толуктоого ылайык, Кыргызстандын өкмөтүнүн жана инвестордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргызстандын мыйзамдарында каралбаган жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды бере албайт. Ошондой эле, киргизилген толуктоолор эл аралык келишимдерди түзүүдө колдонулбайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0