Электрондук мамлекеттик сатып алууга өтпөгөн мекемелердин жетекчилери тазаланат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр КР Джоомарт Оторбаев
Премьер-министр КР Джоомарт Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы сатып алуучу уюмдар тарабынан 18 миллиард 16 миллион сомдук тендер өткөрүлгөн. Анын 2 миллиард 218 млн сомдук тендери гана тууралуу маалымат жарыяланган. Башкача айтканда, сатып алуулардын бир пайызы гана электрондук сатып алуулар аркылуу ишке ашкан.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Премьер-министр мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү органдардын жасап жаткан иштерин шаршемби күнү өткөн кеңешмеде катуу сынга алды.

Өкмөт башчы планга киргизилген 125 уюмдун 30у гана же 24 пайыз электрондук сатып алууларды киргизгенин кошумчалады. Тогуз муниципалдык ишканалардын үчөө гана мамлекеттик сатып алуулар менен алектенерин, 19 акционердик коомдун алтоосу гана бул тутумда катталганын баса белгиледи.

"Бул мамлекеттик органдар үчүн коррупцияга карата тест катары саналган, аны көбүңүздөр өтө алган жоксуңар. Эч ким онлайн сатык менен алектенгиси келбейт, бардыгы коррупция менен алектенгиси келет. Мен укук коргоо орган жетекчилерине бул тутумдагы кыянаттык менен пайдаланууларга каршы күрөш жүргүзүү маселесине системалуу мамиле кылууну тапшырам", — деди премьер-министр.

Оторбаев электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумуна өтүү маселесин көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган жетекчилеринин орун басарларынын, министрлик статс-катчыларынын жекече жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берди. 

Бир катар ведомстволордогу мамлекеттик сатып алуулар тутумун көзөмөлдөгөн жактар премьер-министрдин тапшырмасын аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулат. Жакынкы арада кадрдык маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат. Биринчи жетекчилер мамлекеттик сатып алуулар тутумундагы реформалар үчүн жекече жооп бере турганын Оторбаев баса белгиледи.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, 2014-жылы ар-кыл сатып алуучу уюмдар тарабынан 18 миллиард 16 миллион сомдук тендер өткөрүлгөн. Жалпысынан болгону 2 миллиард сомдук тендер тууралуу маалымат жарыяланган жана 218 млн сомдук, башкача айтканда, жалпы көлөмдүн бир пайызы гана электрондук сатып алуулар жүргүзүлгөн. 

Былтыр 10-октябрда премьер тарабынан бардык министрлик, ведомстволорго, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөргө жана мамлекеттик ишканаларга 2014-жылдын соңуна дейре электрондук мамлекеттик сатып алуу тутумуна толук өтүүсү тууралуу тапшырма берилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0