Кыргызстандын энергетика системасындагы жабдуулардын жарымынан көбү эскирген

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛиния электропередач
Линия электропередач - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика системасындагы жабдуулардын иштен чыгышына электр энергиясынын тарифинин төмөн болушу да таасир берет. Себеби, жабдууларды жаңылоого аз каражат бөлүнүүдө.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. "Энергетика системасындагы жабдуулардын 51 пайызы эскирди". Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жабдуулардын эскилиги жеткендиктен көпчүлүк бөлүштүрүүчү компаниялардын тейлөөсү жеке менчик компанияларга караганда начар болууда.

"14 жылдан бери бир киловатт саат электр энергиясы 70 тыйындан бааланды. Анын кесепетинен жабдуулардын 51 пайызы эскирген. Беш жыл мурун бул көрүнүш 5 пайызга аз болчу. Башкача айтканда, абал жылдан-жылга бир пайызга начарлап баратат", — деди Баетов.

Ошого карабастан 2002-жылдан баштап коммерциялык жоготууну 10 пайызга чейин азайтууга мүмкүн болгон.

Энергетика министрлигинин статс-катчысы белгилегендей, коррупциялык аракеттерден улам келтирилген чыгымдар 2010-жылга чейин жана андан кийинки мезгилде асман менен жердей айырмаланат.

"2002-2010-жылдары коммерциялык жоготуулар 20 пайыздын деңгээлинде деп расмий түрдө айтылган. Азыр болсо 1,5-2 пайызга чейин төмөндөдү", — деди ал.

Анын баамында, 2010-жылга чейин электр энергиясы үчүн болгон төлөмдүн негизги бөлүгү накталай болбогондуктан, ишенимдүү эмес болчу. Азыр бартердик жана өз ара эсептешүү жокко чыгарылды.

Баетов ошондой эле, тийиштүү органдар тарабынан энергокомпаниялардын кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иш-аракеттерине карата былтыр 22 кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, "Электр станциялары" ААКнын кызматкерлерине карата төрт кылмыш иши козголгон, анын ичинен коммерциялык директоруна карата да кылмыш бар. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жана "Чыгышэлектро" ААКнын кызматкерлерине карата экиден кылмыш иши козголсо, "Түндүкэлектронун" кызматкерлерине карата төрт кылмыш иши ачылган. Ал эми "Ошэлектро" менен "Жалал-Абадэлектронун" кызматкерлерине бирден кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0