20:20 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Панорама города Ош

Өткөн жылы Ош шаарына 2,5 эсе көп инвестиция тартылган

© Фото / cercamon
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
5601

Ош шаарынын вице-мэри Кыргызстандын шаарларынын ичинен Ош калаасы бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыда экендигин айтты.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ош шаарынын 2014-жылда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Бул боюнча өткөн коллегиялык жыйында, өткөн жылы шаарга 4,7 млрд сомдук инвестиция тартылгандыгы айтылды. 

Ага биринчи-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

"Ош — Кыргызстандагы шаарлардын ичинен бардык көрсөткүчтөрдөн алдыда", — деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров 2014-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатып. 

2014-жылы Ош шаарынын өнөр-жай ишканалары жана жеке ишкерлер тарабынан үч миллион сомго жакын өнөр-жай продукциялары өндүрүлүп, республиканын жалпы өнөр-жай өндүрүшүндө анын үлүшү 1,7% түзгөн. 

Ишкерлер тарабынан тартылган инвестициялардын жыйынтыгында, кыргыз-кытай биргелешкен өнөр-жай ишканалары жана башка тейлөө, соода мекемелери ачылган. Алсак, "Фортресс компани" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан гипсокартон чыгаруу ишканасы (тарылган инвестиция 2 млн. доллар), "Коу-Конттао" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан пено блок чыгаруучу ишканасы (700 миң доллар), "Жин-Мей" жоопкерчилиги чектелген коомунун кир жуугуч машинелерди чыгаруучу ишканасы (2,8 млн. доллар) ачылган. 

Ош шаарга жалпы тартылган инвестициялар 4,7 млрд. сомду түзүп, былтыркы жылдын бул мезгилине салыштырганда 2,8 млрд. сомго көп болгон.

Белгилер:
Замирбек Аскаров, Улан Примов, Айтмамат Кадырбаев, Тайырбек Сарпашев, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ