2030-жылы Кыргызстандын көгүлтүр отко суроо-талабы 4 эсе көбөйөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАрхив: газораспределительный пункт
Архив: газораспределительный пункт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстан жылына 379 миллион кубометр газ жагат. Өлкө отундун бул түрүнө болгон муктаждыкты өзүнүн газ кендери менен жабууга ниетенип жатат.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. "2030-жылдан тарта Кыргызстан газды 1,143 млрд. кубометр өлчөмүндө колдонуп баштайт, ал эми быйылкы көрсөткүч 379,5 миллион кубометр болот", — деп билдирди өлкөнү газдаштыруу боюнча өкмөттүн кезексиз өткөн жыйынында "Газпром промгаз" ишканасынын Юрий Спектор.

"Газпром" Кыргызстандын 60% аймагын газ менен камсыз кылат
Жыйында божомолдоолорду жасоодо көгүлтүр отко болгон өнөр жай, энергетика тармактарынын муктаждыгы, да кен чыгымдар жана эл жашаган аймактарды газдаштыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. 

Спектордун айтымында,КРдин көгүлтүр от боюнча рыногу энергетикалык долбоорлордун улам жаңы ишке кирип жатышы, элдин калкынын санын өсүшү жана газды автоунааларда пайлануунун көбөйүшүн көрсөттү. 

"Элдин муктаждыгы 57%, өнөр жай тармагына – 32%, ал эми газды автоунааларда пайлануу – 11%га туура келет", — деди Башкы директор. 

"Газпром" Кыргызстандын керектөөсү үчүн көгүлтүр оттун бир катар бөлүгү жергиликтүү газ кендерин иштетүүнүн эсебинен жабыларын билдирди. 

"Компания эки жердеги – Көгарт менен Чыгыш Майлуу-Суу IV газ кенин иштетүү ниетинде, буга лицензия 2008-жылы алынган. Алдын ала божомолдоолор боюнча, газдын запасы 1,9 миллиард жана 0,2 миллиард кубометр көлөмүндө", — деди Спектор.

Майлуу-Суу III жана Сузак газ кендери толук иштелип чыкты, аларда көмүр-суутектин сырьёлорунун азыраак кени калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0