17:15 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Денежные купюры и монеты разных стран

Кыргызстандын мамлекеттик карызы — 3,647 млрд. доллар

© Sputnik / Михаил Кутузов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
39 0 0

Кыргызстан баарынан көп Кытайдын экспорт-импорт банкына карыз. Каражаттар эки тараптуу жеңилдик менен борбордук жылытуучу станция жана жогорку кубаттуу линиянын курулушуна алынган.

БИШКЕК, 30 янв — Sputnik. 2014-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 3,647 миллиард долларды түзүп, ал өлкөнүн ИДПсынын 54,1%ына жакындап барды. Анын ичинен сырткы карыз 3,437 миллиард доллар (ИДПнын 50,9%ы), ички карыз 209,9 миллион доллар (ИДПнын 3,1%ы) болду. Бул туурасында Каржы министрлиги билдирет. 

Кыргызстан баарынан көп Кытайдын экспорт-импорт банкына карыз. Аталган уюмдан алган кредиттин суммасы 1,115 миллиард доллар көлөмүндө. Ал эки тараптуу жеңилдик менен алынып, Бишкектеги борбордук жылытуучу станцияга жана жогорку кубаттуу электрэнергиясын өткөрүүчү Датка — Кемин линиясынын курулушуна алынган. Долбоор бул жылы башталып, 2017-жылы аяктайт. 

Мындан сырткары аталган каржылык уюмдун каражатынын эсебинен, өлкөнүн түштүгүндөгү жогорку кубаттуу линиялар да реконструкцияланат.

Тема боюнча

Кыргызстан БУУга мүчөлүк карызынан январдын аягында кутулат
Белгилер:
Кытайдын экспорт-импорт банкы, Каржы министрлиги, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ