Тогуз-Торо районунда бензин Бишкектегиден 10-15 сомго кымбат

Жазылуу
Республиканын алыскы аймактарында күйүүчү майдын наркы борборго караганда алда канча кымбат болууда.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда бензиндин баасы Бишкекке караганда 10-15 сомго кымбат болууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин "Ар түрдүү маселелер саатында" депутат Акылбек Султанов билдирди.

Депутат мындай тариздеги кат Тогуз-Торо районунун элинен келгендигин айтып, баа саясатын жөнгө салуу жана бул аймакка май куюуучу бекет салып берүү өтүнүчтөрү бар экенин Өкмөткө жолдоду деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы. 

Депутат Султанов жер титирөө, жер көчкүлөрдөн улам көчүрүлгөн айылдарга дагы эле тиешелүү шарттар түзүлбөй келе жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0