16:14 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8245
  • EUR76.6533
  • RUB1.0919
Урожай зерна

ЖК дыйкандардын үрөн боюнча талаштуу маселесин кароону өкмөткө тапшырды

© Sputnik / Александр Лыскин
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Дыйкандардын үрөндү карызга алып, анысы чыкпай калган талаштуу учурлар Кыргызстанда арбын кездешет. Бүгүн бул боюнча маселе ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү. 

Депутат Эсенгул Исаков дыйкандар карызга алып сепкен үрөнү чыкпай калган учурларга байланыштуу даттануулар арбын келе баштагандыгын айтты. 

"2004-2010-жылдар аралыгында Кемин районунун дыйкандары Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан үрөндүк буудай алып, бирок аны сепкенде буудай чыкпай калган. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен бул алынган үрөн кондициялык эмес деп табылган. Мындай комиссиянын чечимине карабастан Матрезерв дыйкандарды сотко берип, буудайды өндүрүп алуунун аракетин көрүүдө", — деди Эсенгул Исаков. 

Депутат Абдулатип Режевалиев Сузак районунда насыяга алынган беденин үрөнү сепкенде уй беде өскөн жагдайды келтирди. Депутат мындай абалда үрөн берген тарап насыяны кече албаса, узартып бериши керек деген пикирин айтты. 

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев алган насыяларын максатсыз пайдаланган дыйкандар да бар экенин эске салып, жогоруда айтылган жагдайлар боюнча комиссия түзүп иликтөө жүргүзөөрүн жооптоду. 

Комитет дыйкандардын талаштуу маселелерин карап, иликтеп, тиешелүү чара көрүү жагын Өкмөткө тапшырды, анын жыйынтыгы апрелге чейин комитетке маалымдалмай болду.

Тема боюнча

ББга кирүү Кыргызстандын айыл чарба тармагына кеңири мүмкүнчүлүк берет
Бажы биримдиги айыл чарба продукцияларына суроо-талаптарды өстүрмөкчү
Белгилер:
үрөн, Таалайбек Айдаралиев, Абдулатип Режевалиев, Эсенгул Исаков

ЭҢ МААНИЛҮҮ