"Газпром" КР өкмөтү менен газдаштыруунун башкы планын талкуулайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГодовое собрание акционеров ОАО "Газпром" в Москве
Годовое собрание акционеров ОАО Газпром в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы жана директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер Кыргызстанга газ тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорду сунуштайт.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. 29-январда "Газпром" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы жана директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер Бишкекке иш-сапар менен келет. Бул туурасында Sputnik сайтына КРдин өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.

Миллер министрлер кабинетинин эки ири долбоорун алып келе жатат – бири Кыргызстанды газдаштыруунун башкы схемасынын бет ачары жана республика боюнча компаниянын инвестициялык ар кыл долбоорлору. 

Пландалган долбоорлор кыргыз өкмөтү бекиткенден кийин дароо ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0