Кыргызстан Россиядан келген газдын 1000 кубометрин 165 доллардан сатып алууда

Жазылуу
Россиядан келип жаткан жаратылыш газынын миң кубометрин Кыргызстан 165 доллардан сатып алууда.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Россиядан келип жаткан жаратылыш газынын миң кубометрин Кыргызстан 165 доллардан сатып алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйынында айтылды.

Депутаттар жыйында өлкөгө алынып келинген жаратылыш газына салынган бажы алымын алып салуу максатында иштелип чыккан "Бажы тарифтери жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Калк ал газдын кубометрин 13 сомдон сатып алып атканын айтышкан депутаттар, бул 2013-жылга караганда 1 сом 50 тыйынга арзан экенин белгилешти.

"Ал эми биз 2015-жылдын 1-январына чейин мыйзамдан 35 пайыздуу бажы алымын алып салбасак, 165 долларга дагы 58 доллар кошулуп, газдын баасы 17 сомго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн", — деди депутаттар.

Буга чейин "Газпром" Кыргызстанга алынып келип жаткан газдын баасы өлкөнүн бардык аймагында бирдей боло турганын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0