Жер-Үй алтын кени боюнча конкурс февралда өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Кумтөр
Архив: Кумтөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер-Үй кенин иштетүү боюнча түзүлгөн комиссия конкурсту өткөрүү боюнча шарттарды иштеп чыкты.

БИШКЕК, 21-янв — Sputnik. Өкмөт Жер-Үй алтын кенин иштетүүгө конкурс өткөрүүнү февралга пландап жатат деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Анын айтымында, бул жаатта абдан машакаттуу жана оор иш жасалды. 

"Жер-Үй кенин иштетүүгө конкурс өткөрүү – талаш-тартыштуу көп маселелерди жараткан долбоор. Кыргызстанды бул сыяктуу бир нече кендер бар. Комиссия конкурстун шарттарын тактап чыгып, ишин аяктады", — деди министрлер кабинетинин жетекчиси. 

Оторбаев " Жер-Үй алтын" ААКтын ээси менен болгон соттук иштер боюнча маселеге да токтолду. Өкмөт келем деген ар бир инвесторго "кенди иштетүү боюнча терең анализ жасалгандыгын" маалымдашы керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0