Нарында электр энергиясына болгон тарифтерге нааразы элге түшүндүрүү иштери жүрүүдө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрхив: информационные таблички
Архив: информационные таблички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов мурда элге компенсация 714 сом болсо, эми 1302 сомдон ар кварталга бөлүнүп төлөп берүү каралып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Электр энергиясынын тарифтерине нааразы болгон адамдар менен бүгүн Нарын шаарында Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолукту. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов 50дөй адамдай чогулгандыгын, алар менен сүйлөшүп, өткөрүлгөн жыйын жаңы эле жыйынтыкталгандыгын Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Ал жерге 40-50дөй эле адам чогулду. Алгач, 10го жакын адам бар болчу, анан 40-50 адамга жетти. Жолугушуу учурунда электр энергиясы боюнча элге кандай жеңилдиктер, компенсация каралып, кандай тарифтер коюлгандыгы туурасында маалымат берилди. Сүйлөшкөндөн кийин кээ бири макул болуп жатат. Чындыгында, электр кубатына тарифтер мүмкүн болушунча төмөндөтүлдү. Элге компенсация бөлүндү. Түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзөбүз. Учурда 700 кВтка чейин 70 тыйын боюнча калды, 700дөн —1000 кВтка чейин 1 сом 20 тыйын, ал эми 1000 кВттан өйдө жаккандарга 1 сом 82 тыйын болду. Мурда элге компенсация 714 сом болсо, 1302 сомдон төлөп берүү каралды", — деп билдирди Кайыпов.

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы менен байланышып, кээ бир маалымат сайттарына Нарындагы митингдин уюштуруучуларынын үйлөрүнүн терезелерин сындырып кеткендиги боюнча маалыматтарды сурадык. 

"Эч кандай митинг деле өтпөдү, болгону тариф боюнча нааразы пикирлерин айтып жаткан адамдарга абалды түшүндүрүп берүү максатында Нарын облустук музыкалык драм театрынын аймагында бир сааттай убакыт жолугушуу болду. Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жаңы тарифтер жана бөлүнө турган компенсация жана бул жааттагы мындан ары жасала турган иштер боюнча маалымат берди. Ал эми митингдин катышуучуларынын үйлөрү талкаланды деген маалымат чындыкка туура келбейт", — деп Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мадлан Турпанбаев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Ал ошондой эле, эгер кандайдыр бир окуялар болуп кетсе, аны митингден көрбөш керектигин белгиледи.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү буга чейин митингге каршы иш-чаралар уюштурулат деп айтылган маалыматтарды четке какты.

"Антимитинг уюштуруу боюнча эч кандай сөз болгон эмес, мен антимитингге да, митингге да каршымын", — деди Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кайыпов.

Лампочка с розеткой - Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясынын баасы февраль айы үчүн төмөндөтүлөт
Декабрь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары электр энергиясынын жаңы тарифине нааразы болуп, митингге чыгышкан. Алар тоолуу аймактын эли үчүн жеңилдиктерди кароону талап кылышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйында, бир аймакка өзгөчөлүк берилип, жеңилдиктер каралбай турганын билдирген эле. Бирок, жаңырган жылдын башында Энергетика министрлигине электр энергиянын баасын арзандатуунун жолдорун кароону тапшырган. Аталган министрлик Казакстандан импорттолгон электр энергиясынын көлөмү азайгандыктан тарифтер арзандатыла турганын айтып, февраль айы үчүн тарифтер арзандаганын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0