КРдин ЕАЭБке кошулуусуна байланыштуу салык кодексине толуктоолор киргизилди

Жазылуу
КР Салык кодексинин кээ бир ченемдери Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирилет.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына кол койду.

Президент "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамды толуктоого кол койду
Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кошулуусуна байланышкан мыйзамдардын пакетине кирет, ага ылайык өлкөнүн Салык кодексинин кээ бир ченемдери Евразия экономикалык биримдигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирилет.

Тактап айтканда, Бажы союзунун мүчө-мамлекеттеринин аймагында чарба субъекттеринин ишинин алкагында кыйыр салыктарды башкаруунун жаңы эрежелери киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0