Президент "Кыргызстан – Кытай" темир жол курулушун кайрадан талкуулап чыгууну тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын" жетекчисин кабыл алып, "Кыргызстан – Кытай" темир жолунун курулушу долбоорун талкуулады.
Атамбаев Кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын жетекчисин кабыл алып, Кыргызстан – Кытай темир жолунун курулушу долбоорун талкуулады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын" жетекчисине эл аралык маанидеги темир жолдун курулушу боюнча маселелерди Кытайдын тиешелүү ведомствосу менен дагы бир ирет талкуулап чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевди кабыл алды. 

Президент: ЕАЭБке кирүү Кытай менен болгон мамилеге таасир бербейт
Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев менен "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев "Кыргызстан – Кытай" темир жолунун курулушу долбоорунун түрдүү варианттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысы бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай Эл Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0