16:55 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Талас. Төө буурчакты жыйнап-чогултуу.

Таласта төө буурчактын баасы көтөрүлбөй жатат

© Фото / Нургул Максутова
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
50 0 0

Учурда Таласта төө буурчактын тазаланганы 55 сомдон, ал эми талаадан жыйналып, тазаланбай кампага түшкөнү 51 сомдон сатылууда.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Учурда Таласта төө буурчактын баасы дүңүнөн 51-55 сомдун тегерегинде сатылууда. Мындан бир нече жума мурда 46 сомго түшүп кеткен. Бул туурасында төө буурчак сатып алган "Кыргызцентрпродукт" ишканасынын өкүлү Талант Белашаров Sputnik маалымат сайтына кабарлады. 

Быйылкы түшүм өткөн жылга салыштырмалуу начар чыгып, буга аба ырайынын кургакчылдыгы себепкер болгон. Андан сырткары дыйкандар былтыркыга салыштырмалуу быйыл төө буурчакты арбын айдашкан. 

Төө буурчак боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңештин деңгээлинде каралып, анын баасы жасалма түрдө арзандап жаткандыгы боюнча маселе айтылып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. 

Мындан бир нече жума мурда кыргыз өкмөтү Түркияга төө буурчак экспорттоо боюнча сунуш киргизип, ал айыл чарба министрлеринин Анкарадагы көзмө-көз жолугушуусунда талкууланмакчы болгон.

Тема боюнча

Төө буурчак экспорту эми Түркияда талкууланмакчы
Депутат: төө буурчак алган фирмаларды Курманалиева көзөмөлдөйт экен
Таласта төө буурчактын бир килограммы 100 сомдон ашты
Белгилер:
Төө буурчак, "Кыргызцентрпродукт", Талант Турдалиев, Түркия, Анкара
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ