Президент Атамбаев Каржы министри менен республикалык бюджетти талкуулады

Жазылуу
Атамбаев өлкөнүн Каржы министрин кабыл алып, республикалык быйылкы бюджетти жана анын аткарылышын талкуулады.

БИШКЕК, 5-январь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Каржы министри менен 2015-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин жана аны аткаруу боюнча Каржы министрлиги көрүп жаткан чараларды талкуулады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Архив: Манас аэропортундагы учак - Sputnik Кыргызстан
Лаврова учак менен жүрүүгө 630 миң сом короткон
Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Ольга Лаврова Кыргызстандын Каржы министрлигинин 2015-жылга ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысы Каржы министрлигинин жана өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын Кыргызстанда макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоодо жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылууда биргелешип иш жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0