Улуттук банк эсеп ченин 10,5 пайызга чейин көтөрөт

© Фото / Спутник Кыргызстан / Эрнис ТемирканДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы жана ички факторлордон улам, инфляциялык процесстерди кармап туруу үчүн Улуттук банк эсеп ченин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 31-дек — Sputnik. Кыргызстандын улуттук банкы эсеп ченин 10,5%га чейин көтөрүү чечимин кабыл алганын банктын маалымат кызматы билдирди.

КР Улуттук банкы 50 базистик пунктардагы эсеп ченин 10,5%га  чейин көтөрөт.

Өлкөдөгү инфляциялык көрсөткүч жогору бойдон калууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери топтолгон  инфляциянын көрсөткүчү декабрь айынын ортосуна алганда 10,3%ы түзгөн. Ал эми бир жылдык көрсөткүчү 7,5% болгон.

Инфляциянын деңгээлин кармап туруу үчүн Улуттук банк жыл ичинде бир нече жолу эсеп ченин алмаштырган. Ошондой эле, акча-кредиттик саясаттын башка түрлөрү да колдонулган.

Улуттук банк ошондой эле өлкөдөгү экономикалык абалды көзөмөлдөп турат жана инфляциянын деңгээлин 5-7 пайыздын деңгээлинде кармап туруу үчүн акча-кредиттик саясат боюнча чараларды көрөт.

Улуттук банктын башкармалыгы эсеп ченинин өлчөмү боюнча маселени 2015-жылдын 26-январында карайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0