Россиянын Каржы министрлиги: рублдун кунунун кетиши аяктады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТорговля на городской продовольственной предпасхальной ярмарке в Новосибирске
Торговля на городской продовольственной предпасхальной ярмарке в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Каржы министри Федерациянын кеңешинде билдиргендей, эми россиялык валюта бекемдей баштады.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. РФтин Каржы министрлигинин башчысы Антон Силуанов рублдун кунунун кетиши аяктап, эми ал кайра көтөрүлө баштады деп эсептейт деп билдирет РИА Новости.

Өткөн жума 1998-жылдан берки рублдун биринчи жолу кескин төмөндөшү менен башталып, ал эки күндө 17 пайызга, ал эми эң курчуганда 40 пайызга жетти. Шейшембиде доллардын баасы 80,1 рубль болуп, евро 100,74 рублга чейин көтөрүлдү.

"Биздин көз карашыбызда, бул мезгил аягына чыкты, жана азыр рубль кайра бекемдеп келе жатат", — деп билдирди Силуанов, Федерация кеңешинде сөз сүйлөп жатып.

"Каралуу" дүйшөмбү менен шейшембиге салыштырганда, акыркы күндөрү рубль доллар менен еврого карата бир топ бекемдеди. Бейшемби күнү биржалык соодалардын ачылышында доллардын курсу 53,38 рубль, евронуку 65,40 рубль болду. 

Россия Банкы валюталык рынокто кырдаалды турукташтыруу үчүн негизги үстөк пайызды 17ге чейин жогорулаткандыгын эске салды министр. Бул "бир жагынан мунайдын баасынын төмөндөшү курска көрсөтүлгөн кысымды өстүрүп, экинчи жагынан, мындан алып сатарлар пайдаланып жатканда" болду.

"Курс төмөндөп жатканда элдер каражатты валютага салып, рублдан арылып, анан бул мезгил өткөнчө күтө тургусу келери түшүнүктүү. Бул мезгил, биздин оюбузча, бүттү", — деп белгиледи Силуанов.

Бирок мунун натыйжасында экономикада насыянын үстөк пайызы көтөрүлгөнүн каржы министри моюнга алды. 

"Банктар ресурстарды 40-50 үстөк пайыз менен алган убак болгон. Бирок азыр мындай көрүнүш жок", — деп баса белгиледи Силуанов.

Рублдин кунунун түшүшү эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратты
Россиянын рублу аталган өлкөдө эсеп жүргүзүү үчүн пайдаланыла турган расмий акча бирдиги болуп эсептелет. Россиянын Борбордук банкы башка валюталарга карата рублдун баасын белгилеп турат. Чет элдик валюталардын рублга карата расмий курстары күн сайын (иш күндөрү) РФтин банкынын буйругу менен белгиленип, келерки календарлык күнү күчүнө кирет, жана чет элдик валюталардын баасы тууралуу Россия Банкынын кийинки буйругу күчүнө киргенге чейин күчүн жоготпойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0