Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВ.Путин принял участие в заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ и заседании Высшего Евразийского экономического совета
В.Путин принял участие в заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ и заседании Высшего Евразийского экономического совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Армениянын Евразиялык биримдикке кирүүсү бул мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына туура келерин жана алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын билдирди.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлганын Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Навости маалымдады.

"Кыргызстандын Евразиялык биримдикке кирүүсү боюнча келишимге кол коюлду. Кыргызстан менен Армениянын Евразиялык биримдикке кирүүсү бул мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына туура келет жана алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деген пикирин Путин Жогорку Евразиялык экономикалык биримдиктин чогулушунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирди.

Евразиялык экономикалык биримдик кандай түзүлгөн

Евразиялык экономикалык биримдик 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагында Россия, Казакстан жана Беларусь кирген Бажы биримдигинин базасында түзүлөт. Постсоветтик мамлекеттердин экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграция алкагында кызматташуу 1990-жылдардын аягынан эле башталган. 1999-жылдын 26-февралында Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак боюнча келишимге кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0