Диль: энергетика – бул Кыргызстандын инвестициялык приоритети

Жазылуу
Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль франциялык компаниянын өкүлдөрү менен жолукканда энергетика тармагына инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Энергетика тармагы – бул Кыргызстан артыкчылык берген тармак экенин вице-премьер-министр Валерий Диль франциянын Tractebel Engineering компаниясынын вице-президенти Мишель Том-Буил баштаган инвесторлордун делегациясы менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Делегация Кыргызстандагы бизнес-климат менен таанышуу үчүн жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн келген.

Жолугушуу учурунда Валерий Диль Кыргызстан европалык инвесторлорго да кызыктар экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күнү Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселе – бул энергосектор. Андыктан биз азыр гидроэнергетикага байланышкан программаларды иштеп чыгуудабыз. Энергетика тармагына өлкө инвестициялык артыкчылык берет", — деди вице-премьер. 

Tractebel Engineering — плотина жана түрдүү кубаттагы ГЭСтерди курууга адистешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0